• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Текебаев менен Чотоновдун иши: Кийинки отурум 28-октябрга белгиленди

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.10.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурунку депутат Өмүрбек Текебаев жана КРнын Кореядагы мурдагы элчиси Дүйшөнкул Чотоновдордун ишин кайра кароо боюнча кезектеги отурум өттү.

Сотто Айнура Сатарова төрагалык кылууда.

Соттук отурумдун жүрүшүндө жактоочулар тарабынан кошумча күбөлөрдөн сурак алуу боюнча өтүнүч келтирилген. Сот өтүнүчтү канаатандырып, 9 күбө суралды: Бектемиров А., Касмамбетов С., Гаврилов М., Асанов Б., Борбашев С., Жапаров Ш., Камчыбеков Ж., Болот Шер, Жапаров А.

Кийинки отурум 28-октябрга белгиленди

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев жана мурунку элчи Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы февраль айында кармалган. Алар, 2010-жылы Россиянын жараны Леонид Маевскийден MegaCom мобилдик операторунун акцияларын сатып алууга жардам көрсөтүү үчүн 1 млн. доллар алган деген шек менен кармалган.

Буга чейин райондук жана шаардык сот Текебаев менен Чотоновду эркинен ажыраткан. Ошондой эле алардын мүлкү да камакка алынган. Кийин Жогорку Сот бул чечимдерди күчүндө калтырган.

Пикир

Оставить комментарий