• 84.2
  • 94.34
  • 0.9

Кара-Сууда жерге байланыштуу документ алууда пара талап кылган кызматкер кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.09.24. /Кабар/. Кара-Суу районунда жер тилкесине байланыштуу документ алууда пара талап кылган мамлекеттик кызматкер кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Милицияга Кара-Суу районунун тургуну М.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Жер ресурстары, кадастр геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Кара-Суу филиалынын "А" аттуу кызматкери жер тилкесин бөлүштүрүп, документтерин берүү үчүн 30 миң сом талап кылып жаткандыгын билдирген.

Факт боюнча Ош ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган.

Ошентип, 28-сентябрда Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө Кара-Суу районунун Маданият айылында 30 миң сом өлчөмүндө акча алган учурда Жер ресурстары, кадастр геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Кара-Суу филиалынын кызматкери 1959-жылы туулган С.А. аттуу жаран кармалды.

КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин ылайык 1959-жылы туулган С.А. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

Ички иштер министрлиги тарабынан мамлекеттик органдарындагы коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү жана мамлекеттик органдардын беделин түшүргөн кызмат адамдарынын катарын тазалоо боюнча иштер улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий