• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жалал-Абадда Женгонун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 13.02.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрүнүн бири кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын аймагындагы уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүүнүн алкагында, 10-февралда УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Жалал-Абад облусунун аймагынан К.Досоновдун (криминалдык чөйрөдө "Дженго" деген кайманаты менен белгилүү) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрүнүн бири К.С. кармалды.

Кармалган К.С. 1986-жылы туулган КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде каралган кылмыштын негизинде 2022-жылдын июнь айынан бери издөөдө жүргөн. Кармалган жаран Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда К.С.тин башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий