• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Мойнуна бычак такап... Сузакта 2,7 млн сом карактаган кылмыштуу топ кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.06.23. /Кабар/. Сузакта милиция Жалал-Абад шаарынын 55 жаштагы тургунун бычак менен коркутуп, 2 млн 700 миң сомун карактап кеткен кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармалды.

Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, окуя 31-майда болжол менен саат 21:00дө болгон. Ири суммада акча карактаган кылмыштуу топтун “Деу-Нексия” үлгүсүндөгү автоунаага отуруп, белгисиз тарапка качып кетишкен.

Аталган факты боюнча топтолгон материалдар Сузак РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында окуяга шектүү катары 5 жаран Бишкек, Ош жана Кербен шаарларынан кармалышкан.

Алар Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургундары 1996-жылы туулган А.Н., 1997-жылы туулган М.А., 1999-жылы туулган С.А., 2001-жылы туулган К.А. жана Ош облусунун Ноокат районунун 2001-жылы туулган А.Б. аттуу тургуну кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий