• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кыргызстанда акыркы жумада коронавирустун 3 жаңы учуру катталды

COVID - 19 0

Бишкек, 12.06.23. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы жумада СOVID-19 инфекциясынын 3 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

“Тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада. Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1%дан аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, эпидемиология башталгандан бери өлкөдө COVID-19 инфекциясынын 206 миң 897 учуру катталды.

Пикир

Оставить комментарий