• 87
  • 89.68
  • 0.84

Каракол – Эңилчек унаа жолу ачылды

Аймак 0

Бишкек, 10.01.25. /Кабар/. Ак-Суу районундагы Каракол – Эңилчек унаа жолуна киргизилген убактылуу чектөө абал турукташкандыгына байланыштуу бүгүн, 10-январда алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, күн мурун Каракол – Эңилчек унаа жолунда кар жаап, бороон болуп айрым тилкелерде күрткү пайда болгондугуна байланыштуу жана унаа жолдун 76-92-чакырымдарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталгандыктан өзгөчө кырдаалдын алдын алуу, адамдардын өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында район акиминин тескемесинин негизинде унаа жолдун 38-112-чакырым аралыктары убактылуу жабылган болчу.

Пикир

Оставить комментарий