• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Балыкчыда “Шумкар” полку мектеп окуучуларына ачык эшик күнүн өткөрдү — сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 23.11.21. /Кабар/. ИИМдин “Шумкар” атайын багытындагы полку “Бактылуу балалык кербени” аталышындагы иш-чаранын алкагында ачык эшик күнүн өткөрдү. Бул тууралуу “Шумкар” атайын багытындагы полкунун басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 23-ноябрда “Шумкар” полкунун Балыкчы шаарында жайгашкан өзүнчө ротасы Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын “Бактылуу балалык кербени” аталыштагы иш-чарасынын алкагында Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте 8-11-класстын окуучулары үчүн ачык эшик күнүн өткөрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө мектеп окуучулары үчүн курал-жарак көргөзмөсү уюштурулуп, кызматкерлердин күнүмдүк аткарган кызматы жана күжүрмөн даярдык машыгуу көнүгүүлөрү көргөзүлдү.

“Негизги максат — жашы жете электер арасында укук бузууларды, зордук-зомбулуктарды, кылмыштарды алдын алуу, ошондой эле өсүп келе жаткан жаш муундарды мекенге болгон сүйүүнү жана коргооно үйрөтүү. Коомдук тартипти сактоодо, жарандардын коопсуздугун, бейпил жашоосун камсыз кылуу менен бирге кызматкерлерибиздин күжүрмөн-кызматтык тапшырмаларын аткарууда көргөзгөн эрдиктерин муундан-муунга жеткирүү жана ар бир атуулду патриоттуулука тарбиялоо болуп эсептелет”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий