• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Абсаттар Сыргабаев Жалал-Абад шаарынын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Аймак 0

Бишкек, 23.11.21. /Кабар/. Бүгүн КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Жалал-Абад шаарынын Курманбек аймактык башкармалыгынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйынга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана калаадагы мекеме-ишкана жетекчилери катышып, тургундар тарабынан көтөрүлгөн көйгөйлөр талкууланды.

Жашоочуларды басымдуу аймактыктын Курорт, Курорт Подхоз участкаларындагы 700дөн ашуун турак үйдүн кызыл китеби жоктугу бир катар маселелерди жаратып келээри айтылды. Себеби 1988-жылы аталган участкалар ӨКМдин корутундусу менен жер көчкү коркунучу бар аймак катары табылганы, ошондуктан турак үйлөрдүн жеке коду жок болгондуктан, Түндүк электрондук базага киргизилбей, жарандардын паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана башка документтерди алууда көйгөй жаратып жатканы көтөрүлдү.

Ыйгарым укуктуу өкүл аймактык башкармалыктын кооптуулук жараткан участкаларында тийиштүү адистер тарабынан текшерүү иштери жүрүп, тез аранын ичинде анын жыйынтыгына ылайык чечим кабыл алынаарын айтты.

Ошондой эле, Сыргабаев өлкө башчысынын тапшырмасына ылайык, аймактардагы тургундардын көйгөйлөрүн чечүү аракеттери колго алынаарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий