• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Ошто жаңы Перинаталдык борбордун курулушу пландалууда

Аймак 0

Бишкек, 23.11.21. /Кабар/. Германия өнүктүрүү банкы жана КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын долбоорунун негизинде Ошто Перинаталдык борбор курулушу пландалууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-ноябрь күнү аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча жыйын өттү.

Иш-чарага КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов, Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, Германия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү, КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары жана Ош облусундагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилери катышты.

Белгиленгендей, аталган Перинеталдык борбор заманбап медициналык жабдыктар менен жабдылып, көп тармактуу болуп, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын аймагына курулат. Мекеме төрөттүн оор түрлөрү менен кайрылган бейтаптарды кабыл алат.

Курулуш иштери 2022-жылы башталып, 2024-жылы бүтүрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий