• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Ат-Башыда COVID-19 оорусун алдын алуу боюнча рейддер жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 02.07.21. /Кабар/. Ат-Башыда COVID-19 оорусун алдын алуу боюнча рейддер жүрүүдө. Бул тууралуу Нарын облусунун Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, райондун акиминин биринчи орун басары Максат Кадыркулов, аппарат жетекчиси Жыргалбек Омокоев райондук жана ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргелекте өлкөбүздө кайрадан күч алып жаткан коронавирус оорусун алдын алуу максатында базарларды, соода түйүндөрдү, ашканаларды кылдырып, беткап тагынуу, антисептик колдонуу, кеңселерди дезинфекциядан өткөрүү, идиштерди соода менен жуу , тазалыкты камсыздоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Андан сырткары базардагы кымыз, сүзмө саткан жердин ордун таза жерге көчүрүү боюнча соодагерлер менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий