• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Балыкчы шаарында милиция кызматкерлерине заманбап планшеттер тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 20.07.23. /Кабар/. Балыкчы шаарында милиция кызматкерлерине заманбап үлгүдөгү планшеттер тапшырылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, планшеттерди Балыкчы шаарынын мэри Анарбек уулу Азамат жана Балыкчы шаардык кеңешинин төрагасы Ж.Абдразаков депутаттардын жана ардагерлердин катышуусунда тапшырышты.

Административдик паспорттун автоматташтырылган маалыматтык тутумун киргизүү үчүн Балыкчы шаарынын ИИБнүн аймактык милиция ыйгарым укуктуу кызматкерлерин планшеттер менен камсыз кылуу боюнча пилоттук долбоор мэриянын колдоосу менен кабыл алынып, 2023-жылдын 13-мартында Балыкчы шаардык кеңешинин сессиясында каралып, планшеттерди жана төш видеокамераларды (дене камераларды) сатып алууга 2 млн 30 миң сом бөлүнгөн.

Автоматташтырылган маалыматтык тутумдун жардамы менен жарандардын паспортторун, документтерин алуу, жашаган жери боюнча каттоо, жарандык абалдын актыларын каттоо, чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий