• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Каракол – Эңилчек унаа жолунун бир тилкеси кар көчкүдөн тазаланып, каттам ачылды

Аймак 0

Бишкек, 22.02.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Каракол – Эңилчек унаа жолунун бир тилкеси кар көчкүдөн тазаланып, эки тараптуу каттам ачылды. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик мекемесинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, аталган унаа жолдун 47-48-чакырым аралыгында көлөмү 23 миң куб метрди түзгөн 3 көчкү түшкөн.

Жол №11 ЖТИ кызматкерлери тарабынан тазаланды. Азыркы учурда жолду кеңейтүү иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий