Жалал-Абадда Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек, 22.02.24. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрында 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата майрамдык салтанат өттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бийлиги, облустук жана шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери жана ардагерлери, жаштар катышты.

Саамалыкта облус башчысы майрам ээлерин куттуктап, бул күн бир эле мекен сакчыларына таандык болбогон, эли-жерин ыйык тутуп, жүрөгү менен сүйүп, Ата Мекендин тынчтыгын сактоого даяр болгон баардык мырзалардын майрамы экенин белгиледи.

"Соңку жылдары мамлекетибизде ишке ашырылып жаткан аскердик реформалар тармактын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатып, аскердик-техникалык дараметибиз артууда. Ошол эле учурда, мамлекет тарабынан болгон социалдык камсыздоо да жакшырууда. Жогорудагыларды эске алып, мындан ары да көкүрөгүбүздө мекенчилдик намысыбыз кайнап, Манас бабабыздын духу жашай беришине терең ишенем!", - деди Сыргабаев.

Иш-чаранын жүрүшүндө күч түзүмдөрүндө эмгектенген бир катар кызматкерлерге ыйгарым укуктуу өкүлдүн Ардак грамоталары тапшырылып, концерттик программа тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий