Каракол шаарына эс алуу багы курулат — эскиздери

Аймак 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Каракол шаарынын Кашка-Суу кичи районуна эс алуу багы курулат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Учурда Мамкурулуш агенттигинин Ысык-Көл аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан эс алуу багынын эскиздик долбоору даярдалууда.

Долбоорго ылайык, эс алуу багы Кашка-Суу кичи районун түндүк тарабындагы 1 гектардан ашык аянтка курулат жана заман талабына шайкеш жасалат. Анда отургучтар, жарыктандыруу жана бактарды отургузуу каралган.

Пикир

Оставить комментарий