• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Ошто "Мектеп Лигасынын" жеңүүчүлөрүнө 900 миң сом сыйлык берилди

Аймак 0

Бишкек, 06.06.22. /Кабар/. КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун колдоосу менен Кыргызстандын “Мектеп Лигасынын” Республикалык финалдык мелдештерине катышкан Ош облусунун командасы 1-оорунду ээлеп, 900 миң сом акчалай белектерди алышты.

Өкүлчүлүктөн билдиргендей, ошондой эле облус башчысынын демилгеси жана каржылоосу менен алынган формалар “эң жакшы” спорттук кийимдери деп табылды.

2022-жылдын 30-майынан 3-июнуна чейин Бишкек шаарында мектеп окуучуларынын арасында өткөрүлгөн “Мектеп Лигасынын” жыйынтыгы:

1. Волейбол боюнча кыздар арасында Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүндөгү Кадыров орто мектебинин окуучулары 1-орун.

2. Волейбол боюнча балдар арасында Өзгөн районунун Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн А.Маматов мектепбинин командасы 2-орун

3. Футбол боюнча Араван районундагы Чек-Абад ай өкмөтүнүн Т.Исмаилов орто мектебинин балдар командасы 2-орун

4. Баскетбол боюнча Ноокат районундагы М.Хужамов орто мектебинин кыздар командасы 3-орунду багындырып, Ош облусу жалпы командалык эсепте 1-орунду ээледи.

Белгилей кетсек, буга чейин өкүл Зиядин Жамалдинов Ош облусунун командасын “Мектеп Лигасына” катышуучулары менен жолугушуп ийгилик каалап, алардын даярдыгы жана бирдиктүү формасы үчүн өкүлдүн резервдик фондунан 250 миң сом каражат бөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий