• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Сузакта зордук-зомбулукту алдын алуу маселеси талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 07.02.20. /Кабар/. Сузак районунда “Биз кылмыштуулукка жана зордук-зомбулукка каршыбыз” аталышындагы жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, жыйынга Сузак РИИБинин кызматкерлери, райондук жетекчилер, мектеп директорлору жана 300гө жакын район тургундары катышты. Алар үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун жана эрте турмуш куруунун алдын алуу, балдарды колдоо иштерин жогорулатууну, өспүрүмдөр арасындагы топтошуп мушташууларды, кылмыштуулукту болтурбоо маселелерин талкуулашты. Жыйындын катышуучуларына мигрант үй-бүлөнүн жашоо шарты жана эрте турмуш куруунун терс жактары камтылган атайын сахналаштырылган оюндар көрсөтүлдү.

Ошол эле учурда Сузак жана Атабеков айыл өкмөттөрүндө милиция кызматкерлери айыл тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Алар мектептерде, эл көп топтолгон жайларда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту болтурбоо, кылмыштардын, бузуулардын жана ар түрдүү кырсыктардын алдын алуу багытындагы иштерди алып барышты.

Пикир

Оставить комментарий