• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Караколдо балдар арасында республикалык кышкы оюндары жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 29.12.22. /Кабар/. 26-27-декабрь күндөрү Каракол шаарында балдар-өспүрүмдөр спорт мектептеринин оууучулары арасында “Мен чемпионмун” республикалык кышкы оюндары жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Оюндардын жабылуу аземине Дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев, Ысык-Көл облусунун башчысы Ильяз Иманбетов, Каракол шаарынын мэри Эрмат Жумаев катышты.

Мелдешке Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарынан жана Бишкек шаарынан келген 200дөн ашуун спортчу катышып, лыжа жарышы, хоккей жана тоо лыжасы гигант слалом дициплинасында жарыштар өттү.

Хоккей боюнча 1-орунду Бишкек шаарынын “Локомотив” курама командасы, 2-орунду Нарын шаарынын “Нарын шумкарлары”, ал эми 3-орунду Ысык-Көл облусунун “Долон” командасы ээледи. Хоккей боюнча жалпы 5 команда беттешти.

Тоо лыжасы боюнча командалык эсепте 1-орунду Чүй облусу, 2-орунду Нарын району, 3-орунду Нарын шаары жеңди. Жалпы 60тан ашуун спорту жарышты.

Ал эми тоо лыжасы боюнча слалом дициплинасында 1-орунду Каракол шаары (ДЮСШ-1), 2-орунду да Каракол шаарынын (ДЮСШ-2) командасы жана 3-орунду Нарын облусу жеңди.

Кышкы оюндардын жыйынтыгы жеңүүчүлөү жана байгелүү орундун ээлери тиешелүү даражадагы медалдар жана дипломдор менен, ошондой эле акчалай сыйлыктар менен сыйланышат.

Байге фонду 1 050 000 сомду түздү.

1-орун - 200 000 сом;
2-орун - 100 000 сом;
3-орун – 50 000 сом.

Пикир

Оставить комментарий