Бишкек, 16.12.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Караколдо бир катар инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мерчемделүүдө. Бул тууралуу Каракол шаарынын биринчи вице-мэри Эрлан Айсаракунов "Кабар" агенттигине билдирди.
Анын айтымында, мында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана чет элдик инвестициялык долбоорлор бар.
"2025-2026-жылдары кытай, түрк, орус инвесторлору тарабынан ишке ашырууга пландалып жаткан долбоорлор бар. Мында курулуш, машина куруу, туризм багытындагы долбоорлорду айтсак болот. Машинаны куроо долбоору боюнча облус жетекчилиги, министрлер кабинети менен макулдашуудан кийин бир чечим кабыл алынат. Ал эми жаңы жылда кытай инвесторлору менен Каракол шаарындагы Пушкин паркына аттракцион куруу мерчемделип жатат. Ошондой эле асфальт-бетон заводун куруу да каралууда", - деди ал.
Пикир
Оставить комментарий