• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

2019-жылы Оштогу борбордук стадиондо оңдоо иштери жүргүзүлөт

Аймак 0

Бишкек, 09.12.18. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардын «Алай» футбол клубунун оюнчуларын кабыл алды. Жолугушууда аталган клубтун 2018-жылдагы ийгиликтери тууралуу сөз болду, - деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Октябрь айында “Алай” командасы Фергана өрөөнүнүн кубогуна арналган мелдеште Өзбекстандын жана Тажикстандын командаларын жеңип, кубокко ээ болгон.

“Алай” клубунун вице-президентти С. Аматов жана оюнчулар кубокту “Алай” клубунун президенти Т. Сарыбашовго тапшырышты.

Калаа башчысы футболчуларга колдоо болоорун, борбордук стадиондо 2019-жылы оңдоо иштери жүргүзүлө турганын билдирди. Мэр футболчуларды колдоо максатында кошумча 100 миң сом бөлүнөөрүн, Кыргызстан чемпионатында эң көп гол киргизип, бомбардирлердин башында турган ганалык Жоел Кожого өзүнчө сыйлык бериле турганын айтты.

“Алайдын” чабуулчусу Жоел Кожо ТОП-Лигада 26 гол киргизген. “Алай” футбол клубу Кыргызстан чемпионатында 2-орунду алып, өлкө кубогуна арналган беттеште финалга чыккан.

Пикир

Оставить комментарий