Караколдо үчүнчү «Куттуу эл — касиеттүү Ысык-Көл» улуттук форуму өттү

Аймак 0

Бишкек, 25.02.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын К. Жантөшев атындагы облустук музыкалык-драма театрында бүгүн, 25-февралда, үчүнчү «Куттуу эл — касиеттүү Ысык-Көл» аттуу республикалык улуттук форуму өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Улуттук форум президент Садыр Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө», «Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы — „Манас“ эпосунун үчилтигин („Манас“, „Семетей“, „Сейтек“ эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө», «Улуттук нарк жөнүндө» Жарлыктарын жана 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.

Улуттук форум Ысык-Көл облусунун кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмөсү менен таанышуу жана «Даанышмандар сүзгөн — Ак Кеме» театрлаштырылган пролог менен башталды.

Иш-чарада мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов сөз сүйлөп, президент Садыр Жапаровдун жогоруда белгиленген жарлыктары — улуттук идеологиянын өзөгүн түзгөн мамлекеттик документтер болуп саналарын белгиледи.

Мамлекеттик катчы форумдун катышуучуларына көл кылаасынан чыккан жети аке, алардын даанышмандыгы жана Ысык-Көл тууралуу уламыштарды кеңири баяндап берди.

Ошондой эле, бир катар илимий кызматкерлердин баяндамалары угулду.

Форум концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Пикир

Оставить комментарий