• 87
  • 90.41
  • 0.84

Караколдо “Унаанын” кызматкерлери транспорт каражаттарын мыйзамсыз каттаган

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.04.23. /Кабар/. Караколдо транспорт каражаттарын мыйзамсыз каттаган “Унаа” мекемесинин кызматкерлери жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Каракол бөлүмүнүн жооптуу кызматкелери бажы кызматынын уруксаты жок транспорттук каражаттарын мыйзамсыз кайра каттаган фактылары аныкталган.

Аталган фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, жыйынтыгында Д.Д.Т., М.М.Б. жана А.М.Т. аттуу үч кызматкерге карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана кызматтык жасалмачылыктар боюнча айыптары угузулду.

Тергөөнүн жүрүшүндө мамлекетке келтирилген зыян толугу менен өндүрүлүп, иш негизинен кароо үчүн сотко жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий