• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыздар арасында футбол: Кыргызстандын олимпиадалык курамасы Индия менен беттеш өткөрөт

Спорт 0

Бишкек, 03.04.23. /Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстандын кыздар арасындагы олимпиадалык курама командасы Бишкекте Индиянын командасы менен эки беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Биринчи оюн 4-апрелде, экинчиси 7-апрелде Д.Өмүрзаков атындагы стадионунда болот.

Эскерте кетсек, жайкы Олимпиадалык оюндар 2024-жылы Парижде өтөт. Тандоо турунда Кыргызстан, Индия жана Түркмөнстандын командалары “G” тайпасында жайгашкан. Бирок Түркмөнстандын командасы беттешке катышпай турганын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий