• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Бокс боюнча курама команда Азия оюндарына даярдык көрүүдө

Спорт 0

Бишкек, 20.07.23. /Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Азия оюндарына жана Эл аралык мелдештерге даярдык көрүү максатында Чолпон-Ата шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп жатат.

Дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, 12-июлда башталган жыйын 1-августка чейин уланат.

Курама команданын тизмеси:
Санжар Сейдакматов (51 кг);
Мунарбек Сейитбек уулу (60 кг);
Аскат Култаев (63.5 кг);
Нурадин Рустамбек уулу (71 кг);
Эркин Адылбек уулу (92 кг);
Данияр Төлөгөн уулу башкы машыктыруучу.

Белгилей кетсек, окуу-машыгуу жыйын Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2023-жылга календардык планына ылайык өткөрүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий