• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкекте жөө күлүк Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган жарым марафон өтөт

Спорт 0

Бишкек, 15.08.23. /Кабар/. Бишкекте XXII Олимпиада оюндарынын коло медалдын ээси, жөө күлүк Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган жарым марафон өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Марафон ушул жылдын 24-сентябрына белгиленген, анын алкагында 21,1 км, 10 км, 3 км, скандинаввиялык басуу жана 1 км (жаш жеткинчектер) аралыгында жарыштар өтөт.

Жарыштар “Газпром-балдарга” ден-соолукту чыңдоо борборунда старт алат.

Толук маалымат: runthesilkroad.com.

Байланыш номери: +996 550 33 99 70.

Пикир

Оставить комментарий