Бишкек, 28.10.24. /Кабар/. Күн мурун транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Каракол шаарындагы оңдоп-түзөөдөн өткөн Иса Күчүков көчөсүнүн ачылышына катышты.
Ведомстводон маалымдашкандай, жергиликтүү тургундар менен жолуккан министр жарандарга ыңгайсыздык жаратпоо максатында асфальт төшөө иштери графикке ылайык аяктаганын белгиледи.
Белгиленгендей, Күчүков көчөсүнүн 3,6 чакырымына асфальт басылды. Унаа жүрүүчү тилкеси 14 метрди түзөт жана төрт чийиндүү. Мындан тышкары, жаңы лотоктор жана бордюрлар орнотулууда.
Белгилей кетсек, министр Абсаттар Сыргабаев август айынын аягында аталган көчөдөгү асфальт төшөө иштери менен жеринен таанышып, ишти мөөнөтүнөн кечиктирбестен бүткөрүүнү тапшырган.
Пикир
Оставить комментарий