Бишкек, 18.09.20. /Кабар/. Караколдо Жугуштуу оорулардын профилактикасы жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна жолтандабас унаасы берилди.
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү билдиргендей, унааны ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Элчибек Жантаев тапшырган.
Ал белгилегендей, унааны берүү чечими облустук ыкчам штаб тарабынан санитардык-эпидемиолоиялык көзөмөл борборунун материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында кабыл алынган.
Пикир
Оставить комментарий