• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Токтогулдун Сары-Камыш айылында жаңы мектеп ачылды

Аймак 0

Бишкек, 13.10.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Сары-Камыш айылында З.Эгембердиев атындагы жаңы мектеп ачылды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мектеп 225 окуучулук орунга ылайыкталган.

Жаңы мектепте химия, физика, информатика боюнча окуу класстары, акт жана спорт залы, ашкана бар, ошондой эле окуу процессин жүргүзүү үчүн бардык зарыл шарттар каралган.

Белгилей кетсек, мектеп тоолуу деңиз деңгээлинен 1655 метр бийиктиктеги алыскы аймакта жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий