• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Караш Жанышов: «Үмүт» форумунан көптү алса болот. Мүмкүнчүлүктү пайдаланып калгыла

Маданият 0

Бишкек, 29.03.24. /Кабар/. Кыргызстанда өз аянтына КМШ өлкөлөрүнөн жаш киночуларды, кино таануучуларды, продюсерлерди жана кинофестивалдардын программалык директорлорун чогулткан жаш киночулардын «Үмүт» XI эл аралык форуму башталып жатат. Кинофорумдун ачылыш жана жабылыш салтанатынын режиссеру Караш Жанышев «Кабар» КУМА эл аралык иш-чаранын катышуучуларын эмне күтүп жатканы жөнүндө айтып берди.

Бишкекте жакынкы мүнөттөрдө жаш киночулардын «Үмүт» XI эл аралык форуму ачылат, анын алкагында 29-31-март күндөрү кино көрсөтүү, лекциялар, мастер-класстар, жаш режиссерлордун кино долбоорлорунун кыскача бет ачарлары, кинофестивалдар жарманкеси жана белгилүү кино таануучулар менен тасмаларды талкуулоолор өтөт. Иш-чара КРдин Маданият министрлигине караштуу Кинематография департаменти тарабынан КМШ мүчө-мамлекеттеринин гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фондунун колдоосунда уюштурулуп жатат жана быйылкы форум КР эл артисти, режиссер-документалист Бекеш Абдылдаевдин 90 жылдык мааракесине арналды. Форумдун ачылыш жана жабылыш салтанатын кыргызстандык режиссер, үч «Үмүт» кинофорумунун катышуучусу Караш Жанышев жетектейт.

«Тарткан фильмдериме сыймыктанам жана сүйгөн ишимди иштеп жатканыма абдан бактылуумун. Мурдагы эмгектеримди ийгиликтүү деп эсептебейм, бирок аларды бардык кемчиликтери менен жакшы көрөм. Аларды баары «мени балдарым», - деди ал.

Караш студент кезинде эле өз күчүн сынап көрүү үчүн форумдун аянтына туш болууну кыялданчу.

«Мен башка авторлорлордун тасмаларын карап көрдүм жана мен дагы алардан кем эмес, балким жакшы тарта алам деп ойлодум, - деп киночу өткөн кезди эскерди. – Акыры «Кош бол» (2018) дипломдук тасмам менен улуттук кароо-сынак программасына илиндим жана Гран-при уттум! Бул мага ишенимдүүлүк берди. Мен чындап жакшы кино тарта алам деген тастыктоо алгандай болдум».

Жаш режиссер үч жылдан кийин кайрадан улуттук программанын катышуучусу болот, анда «Меланхолия боёктору» (2022) аттуу экинчи фильмин көрсөттү. Анда ал таптакыр башкача сезимге туш болгон, анткени эл аралык кароо-сынактын катышуучуларынын жарымы эл аралык фестивалдарда таанышкан достору болчу. Быйыл Караш Жанышев үчүнчү жолу маданий окуяга катышып жатат. Ал дүйнөлүк премьерасы Пекиндеги Эл аралык кинофестивалда болуп өткөн кыска метрдеги «Перзент» (2022) көркөм тасмасын көрүүчүлөрдүн сынына койду.

«Фильмди көрсөтүүдөн тышкары, мен ачылыш жана жабылыш салтанатына режиссерлук кылууга макул болду, анткени бул мен үчүн жаӊы сыноо. Салтанаттуу иш-чарада өткөн жылдарга салыштырмалуу олуттуу өзгөчөлүк жок, бирок кичинекей кызыктуу окуя болот. Баардык сырларды алдын ала айтып салгым келбейт. Келип өзүӊүздөр көрүӊүздөр!», - деп режиссер көрүүчүлөрдү форумга чакырды.

Форумдун программасы абдан тыгыз. Көрүүчүлөргө 83 тасма көрсөтүлөт, мындан тышкары, ар кыл өлкөлөрдөн келген киноэксперттер мазмундуу мастер-класстарды жана лекцияларды өтөт. Аянтта ар кандай форматтагы кинофестивалдар жарманкеси да өз ишин ачат, анын ичинде, мисалы «Жибек жолунун бермети» деп аталган Ташкент эл аралык кинофестивалы сыяктуу абройлуу фестивалдардын катыша турганы жарыяланган. Форумдун дагы бир өзгөчөлүгү питчинг өткөрүү болуп калмакчы – анда кыргызстандык он жаш режиссер кино долбоорлордун кыска презентациялары менен калыстарды тааныштырат.

«Форумдун өзгөчө жагымдуу маанайы бар, мында кыска мөөнөттө көптөгөн пайдалуу жана кызыктуу маалыматтарды алууга жана билүүгө болот. Мен жаӊы иштеп жаткан режиссерлорго мындай мүмкүнчүлүктү кое бербей, бул иш-чарадан көбүрөөк пайда алып калууга кеӊеш берем!», - деп Караш Жанышов сөзүн жыйынтыктады.

Пикир

Оставить комментарий