• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КРнын Түркиядагы элчилиги ТҮРКСОЙ менен биргеликте Чокморов жана Турсунбаеваны эскерүү иш-чарасын уюштурду

Маданият 0

Бишкек, 11.11.19. /Кабар/. 2019-жылдын 7-ноябрында Анкара шаарынын музыка жана көркөм өнөр университетинде Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилиги ТҮРКСОЙ менен биргеликте "Түрк дүйнөсүнүн алдыӊкылары" аталган темадагы Сүймөнкул Чокморов жана Таттыбүбү Турсунбаеваны эскерүү маданий иш-чарасын уюштурду. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында "Кыргыз ѳнѳрүнүн ѳчпѳс эки жылдызы - Сүймөнкул Чокморовго жана Таттыбүбү Турсунбаевага" арналган сүрѳт кѳргѳзмѳсү, жыйын жана улуу жазуучу Ч.Айтматовдун аңгемесинин негизинде атактуу режисер Төлөмүш Океев тарабынан тартылган “Кызыл алма” тасмасынын көрсөтүүсү тартууланды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Н.Кадырбеков, ТҮРКСОЙдун Башкы катчысынын орун басары Б.Чакыжы, Анкаранын музыка жана көркөм өнөр университетин ректору Э.Парлак, Т.Турсунбаеванын агасы Н.Турсунбаевдеп катышкан.

Аталган маданий кечеге жергиликтүү маданий ишмерлер, Анкарадагы чет ѳлкѳлүк элчиликтердин ѳкүлдѳрү, түрк жана кыргыз студенттери, ошондой эле Түркиянын аймагында жашаган кыргыз мекендештер катышты.

Пикир

Оставить комментарий