• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР менен РФнын Эриш-аркак жылы. Кыргызстандын маданият өкүлдөрү толук курамда Москвага жөнөп кетти

Маданият 0

Бишкек, 26.02.20. /Кабар/. Кыргызстандын 200дөн ашык арттистеринен турган чыгармачыл делегация Москвага учуп кетти. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Эриш-аркак жылынын ачылыш аземи эртең, 27-февралда Москва шаарында (Россия) Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун жана Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин катышуусунда өтөт.

Эриш-аркак жылынын ачылыш аземи мамлекеттик Кремль сарайында өтөт.

"Салтанаттуу ачылыш аземге Кыргызстандан Кыргыз Республикасынын Эл артисттери Саламат Садыкова, Керим Турапов, белгилүү манасчы Самат Көчөрбаев, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын хору, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын мамлекеттик “Ак марал” бий ансамбли, “Камбаркан” фольклордук – этнографиялык ансамбли, Бишкек шаарынын Улуттук эл аспаптар оркестри, “Акак” комузчулар ансамбли жана жана эл аралык сынактардын жеңүүчүлөрү болгон жаш солисттер, артисттер, комузчулар жана музыкалык окуу жайда билим алып жаткан окуучулары өнөрлөрүн тартуулашат", - деп кошумчалашты министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий