• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргыз килем токуу чеберлерин Түркмөнстанга эл аралык көргөзмөгө чакырышты

Маданият 0

Бишкек, 14-апрель /Кабар/. Кыргыз килем токуу чеберлерин “Түркмөн килеми – биздин өнүгүп бара жаткан өлкөбүздүн сулуулук эталону” эл аралык көргөзмөсүнө чакырышты. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, көргөзмө Ашхабад шаарында 27-28-майда түркмөн килеминин улуттук майрамына карата өтөт.

Иш-чаранын уюштуруучулары “Түркмөнхалы” мамлекеттик бирикмеси жана Түркмөнстандын соода-өнөр жай палатасы болуп саналышат.

Көргөзмөдөн тышкары Бүткүл дүйнөлүк Түркмөн килемин баалоочулардын коомунун XVII жыйынын өткөрүү пландалууда.

Көргөзмөгө катышууга бардык кызыкдар тараптар, анын ичинде килем токуу чеберлери жана адистери чакырылат.

Катышуу үчүн turkmenhali@online.tm электрондук дарегине анкеталарды жөнөтүү зарыл.

Маалымдама: Түркмөнстанда түркмөн килеминин күнү расмий түрдө 1992-жылдан бери майдын соңку жекшембисинде белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий