• 88.68
  • 95
  • 0.95

А.Лукашенко А.Атамбаевдин 2017-жылды ЕАЭБде ишкерликти өнүктүрүүгө арноо сунушун колдойт

Саясат 0

Бишкек, 14-апрель /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Беларусиянын Президенти Александр Лукашенко Алмазбек Атамбаевдин 2017-жылды Евразия экономикалык мейкиндигинде ишкерликти өнүктүрүүгө арноо зарылдыгы тууралуу сунушун колдойт. Өз позициясын Беларусия башчысы Бишкектеги Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кеңейтилген жыйынында билдирди.

А.Лукашенко быйылкы жылда ЕАЭБдин калыптанышында бурулуштуу кылуу зарыл деп эсептейт.

“Алдыңкы чаралардын арасында - ЕАЭБ катышуучуларын дискриминация кылган жаңы укуктук актыларды кабыл алууга мораторий киргизүү бар. Буга ЕЭК көз салуусу керек. Ошондой эле, ЕЭКтин ички рыноктогу тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү алып салуу тууралуу баяндамасын угуу зарыл. Бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүү иши башка мамлекеттерге да кызык. Бирок келишимдерди түзүү башка, аны жүзөгө ашыруу башка иш. Үчүнчү өлкөлөр менен эркин соода жүргүзүү келишимдерин түзүү Беларусиянын кызыкчылыктарына жооп бере тургандыгын белгилей кетсем”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий