• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Серж Саргсян: "Экономиканын айрым тармагын колдоо ЕАЭБдеги абалды турукташтырууну шарттады"

Саясат 0

Бишкек, 14-апрель /Мехриниса Сулайманова-Кабар/. Экономиканын айрым тармактарын колдоо Евразия экономикалык биримдигиндеги абалды турукташтырууну шарттады. Бул тууралуу Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кеңейтилген жыйынында Арениянын Президенти Серж Саргсян билдирди.

Анын айтымында, дүйнөлүк конъюнктуранын кесепетинен Евразия мейкиндиги орр кырдаалды басып өтүүдө.

“Экинчи жагынан бул биздин өлкөлөрдүн тыкыс кооперациясы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатат. Макулдашылып кабыл алынган аракеттер экономиканын айрым тармактарын колдоо аркылуу кандайдыр бир деңгээлде экономикалык чөйрөдөгү абалды турукташтырууга жол ачты. Анын аркасында өнөр жай жана айыл чарба өндүрүшүндө өсүү тенденциясы байкалды”,-деди Серж Саргсян.

Ошондой эле, Армениянын Президенти түрдүү жатта өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн өндүрүштө инновацияны өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Муну менен катар С.Саргсян үчүнчү өлкө менен келишимдерди түзүүгө зөгөчө маани бере турганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий