• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Каратэ-до боюнча курама команда Азия чемпионатына катышат — тизме

Спорт 0

Бишкек, 10.07.23. /Кабар/. Кыргызстандын каратэ-до боюнча курама командасынын мүчөлөрү Мелака шаарында (Малайзия) өтө турган Азия чемпионатына катышат.

Дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, мелдеш 18-23-июль күндөрү өтөт.

Курама команданын тизмеси:

- Милана Сагынбаева — спорт чебери;
- Умида Айсаева (50 кг) — спорт чебери;
- Кымбат Тойтонова (61 кг) — спорт чебери;
- Рафаэль Акбаров (60 кг) — спорт чебери;
- Калыс Нурланбек уулу (67 кг) — спорт чебери;
- Назим Нурланов (75 кг) — спорт чебери.

Курама команда башкы машыктыруучу Мырзабек Алиев жана улук машыктыруучу Бакыт Дүйшеевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Пикир

Оставить комментарий