• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

«Алга» футбол клубу Бангладеште клубдук турнирде таймашат

Спорт 0

Бишкек, 14-февраль /Кабар/. «Алга» футбол клубу Бангладеште клубдук турнирде таймашат деп билдирди Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан.

Маалыматка караганда, бүгүн Бишкек мэриясында башкалаанын “Алга” клубунун футболчуларын 2017-жылдагы эл аралык клубдук турнирге – Шейх Камалдын кубогуна узатуу аземи болду. Матч 2017-жылдын 18-февралынан 1-мартка чейин Бангладеште өтөт.

Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Мелис Жунушалиев футболчуларга футболдук турнирде жеңиш каалады.

“Кыргызстандын желегин көтөрүп чыгуу – бул сыймык. Сиздердин жеңиш менен келүүңүздөрдү каалайбыз”,-деди ал.

М.Жунушалиев башкалаанын футболь клубунун башкы машыктыруучусу Александр Бельдиновго Кыргызстандын жана Бишкек шаарынын желектерин тапшырды.

29 курамдан турган спортчулар мелдешке эртең жөнөшөт.

Пикир

Оставить комментарий