KarГИД. Бишкектен анча алыс эмес кайсы жерде эс алса болот?

Коом 0

Бишкек, 19.06.24. /Кабар/. Жайдын ысык аптабында Бишкек шаарынын жашоочулары тоо тарапка бет алып, салкын жерде эс алууну жактырат. Бул ирет “Кабар” агенттиги Бишкектен анча алыс эмес жайгашкан эс алуу жайларынын тизмесин даярдады.

“Ала-Арча” жаратылыш паркы

“Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркы керемет кооздугу менен эс алуучуларды тартып турат. Бийик аскалары, карагайлуу токою, шар аккан суулары жана шылдыр булактары мээни сергитип, жан дүйнө тынчтыкка бөлөнөт. Жаратылыштын кайталангыс сулуулугуна жыл бою күбө болосуз. Паркта эс алуу үчүн коттедждер, кафе, музей жана башкалар бар.

  • Имараттарды ижарага алуу 4 миң сомдон 9 миң сомго чейин жетет;
  • Кашка-Суу айылы, Ала-Арча 1 дареги;
  • Байланыш телефондору: 0550133603.

Кыргыз айылы этно комплекси

“Кыргыз айылы” этно комплексинде сиз эс алып гана тим болбостон, кымыз ичүүгө мүмкүнчүлүк аласыз. 5 маал кымыз, үч маал тамагы да бар. Аймагында кафе, коттедждер жана конференц-зал жайгашкан.

  • Бир киши үчүн баа 3 500 сомду түзөт;
  • Дареги: Арашан айылындагы “Татыр” капчыгайында;
  • Байланыш телефону: 0550310000.

Кара Булак эко-резорту

“Кара Булак” эко-резорту эс алуучуларга кызматтардын бир катар түрүн сунуштайт. Мында ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө шарттар түзүлгөн. Тамагы, кымызы да бар. Ат менен сейилдөө, жаа атуу, балык уулоо уюштурулат. “Ыштык Мончо” мончосу иштейт.

  • Апартаменттерге жашоо 6700дөн 10 миң сомдон жогору;
  • Резорт Арашан айылындагы “Татыр” капчыгайында жайгашкан;
  • Байланыш телефону: 0553980009.

Супара Чункурчак этно-резорту

“Супара Чункурчак” этно-резортунан сиз улуттук тамактардан даам сызасыз. Ат менен сейилдеп, жаратылышта эс ала аласыз. Комплекс улуттук өзгөчөлүктө жасалгаланган.

  • Боз үйлөрдү ижарага алуу 7 миңден 9 миң сомго чейин;
  • Дареги: Аламүдүн району, Чуңкурчак айылы;
  • Байланыш телефондору: 0553787272.

12 камин” эс алуу жайы

Тоону таза абасы, суунун шылдыр үнү, ашкананын даамдуу тамагы сиздин эс алууңуздун көңүлдөгүдөй өтүүсүн камсыздайт. Эс алуу жайында сиз бир күнгө же бир нече күнгө бардык шарттары каралган 4 орундуу коттедждерде калсаңыз болот. Эртең мененки тамагы акысыз берилет. Үй-бүлө менен эс алуу үчүн тапчандар, боз үйлөр, балдар аянтчалары жана башкалар бар.

  • 4 орундуу коттедждерди ижарага алуу 10 000 сом;.
  • Эс алуу жайы Аламүдүн капчыгайында, Бишкек шаарынан 25 чакырым алыстыкта жайгашкан;
  • Байланыш телефону: 0701690691.

Royal Fish аквакомплекси

“Royal Fish” аквапаркы жайындагы ысык аптаптуу күндөрдө эс алууга ыңгайлуу. Комплексте 6 бассейн, кафе, тапчандар бар.

  • Кирүү акысы 400 сомдон миң сомго чейин;
  • Дареги: Беш-Күңгөй айылы, Дачная көчөсү, 1;
  • Телефондору: 0555427070.

Гавайи” эс алуу жайы

“Гавайи” эс алуунун көптөгөн мүмкүнчүлүктөрү менен таң калтырат. Комплекстин чоң аймагында ар кандай тереңдиктеги бассейндер, ресторандар, коттедждер, суу үстүндөгү үйлөр жана ал тургай өзүнүн зоопаркы бар.

  • Мейманканасында эс алуу 90-600 АКШ долларын түзөт;
  • Дареги Ысык-Ата району, Арал айылы;
  • Байланыш телефону: 0551(701)555511.

Пикир

Оставить комментарий