• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КР ӨКМне 35 мобилдүү турак-жай тапшырылды (сүрөт)

Коом 0

Бишкек, 13.09.17 /Кабар/. Эки тараптуу кызматташуунун алкагында Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына 35 мобилдүү турак-жай тапшырылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдайт.

“Бардыгы 35 даана мобилдүү турак жай, алар суук мезгилинде да жашаганга ылайыкташкан, ичи жылууланган, электр зымдары тартылган. Гуманитардык жардамды өткөрүп берүү иш-чарасына Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары полковник Калыс Ахматов жана Россия Федерациясынын ӨКМнин Эл аралык ишмердүүлүк департаментинин директорунун орун басары Игорь Веселов катышты”,-деп айтылат маалыматта.

Аталган иш-чара Кыргызстан жана Россия мамлекеттеринин өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепетерин жоюу багытындагы эки тараптуу келишимдин негизинде жүзөгө ашты.

Пикир

Оставить комментарий