Караколдо алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.02.23. /Кабар/. Каракол шаарында милиция кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектелип, жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. жарандарды чет өлкөдө жумушка орноштурам деп алдап, акчаларын алып жүргөн.

Маалыматка ылайык, 13-февралда Каракол шаарынын ички иштер бөлүмүнө Түп, Ак-Суу райондорунан жана облустук борбордон беш жаран арыз менен кайрылып, өткөн жылдын ноябрынан үстүбүздөгү жылдын январь айына чейинки аралыкта чала тааныш "Нурбек" аттуу жигит ишенимге кирип, аларды Түркияда жана Германияда жумушка орноштуруу шылтоосу менен акча алып, андан кийин жашырынып кеткенин билдиришкен. Ошентип, арыз ээлерине жалпысынан 140 миң сом материалдык зыян келтирилген.

Бардык келип түшкөн арыздар Каракол шаардык милициясына катталып, "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иштери козголгон.

Шаардык милициянын тергөө кызматы тарабынан алдамчылыкка шектүү жаранды аныктоо жана кармоо максатында тиешелүү кызматтарга тергөө тапшырмалары берилген.

Жакында Каракол шаарынын ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан 22 жаштагы А. Н. аттуу шектүү жаран аныкталып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Кармалган жаран алдын ала суракта күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

Пикир

Оставить комментарий