• 87.45
  • 90.89
  • 0.89

Аткезчилик жүк ташууда колдонулган унаалар жана жер семирткич мамлекетке өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 22.12.22./Кабар/. Кармалган эки КАМАЗ жана минералдык жер семирткичтер мамлекетке конфискацияланды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аткезчиликке каршы күрөшүүнүн алкагында ушул жылы 24-июнда УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Кыргызстандын мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пунктунан тышкары, Баткен облусунун Лейлек районундагы “Тал” жергесинен кесип өтүүгө аракет кылган З.Ж.Садыков жана Э.Г.Рустамовдун башкаруусундагы “А5511L”, “03KG105ААL” мамлекеттик номурлуу эки КамАЗ кармалган. Айдоочулар менен бирге контрабандалык жүктүн ээлери КР жарандары Н.Ж.Ажибаев жана А.М.Сулайманов болушкан.

Бул жүк ташуучу унааларды текшерүү учурунда жалпы салмагы 20 тонна болгон “Селитра” минералдык жер семирткич табылган.

2022-жылдын 21-декабрында Лейлек райондук сотунун өкүмү менен бул контрабандалык минералдык жер семирткичтерди ташууну уюштурууга катышкан Кыргыз Республикасынын жарандары З.Ж.Садыков, Э.Г.Рустамов, Н.Ж.Ажибаев жана А.М.Сулайманов КР Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинде каралган (“Экономикалык контрабанда”) кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, алардын ар бирине 160 миң сомдон айып пул салынып, ошондой эле “А5511L”, “03KG105ААL” мамлекеттик номурлуу эки "КамАЗ" жана жалпы салмагы 20 тонна минералдык жер семирткич мамлекетке конфискацияланды.

Пикир

Оставить комментарий