• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкекте кайгуул кызматкерлери 104 мектептин алдында кызмат алып барууда

Коом 0

Бишкек, 27.04.22. /Кабар/. Бишкекте кайгуул кызматкерлери 104 мектептин алдында кызмат алып барууда. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Мектептин ар бирине кайгуул кызматкерлери бекитилип, мектептин айланасында кызмат алып барышат. Айрыкча эртең менен окуучулар мектептерге келүү учурунда кайгуул кызматкерлери ошол аймакта коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун каамсыздоо багытында кызмат алып барышууда.

Окуучулардын жөө өтмөктөрдөн, жол чырактардан жана авто тыгындардан өтүүдө коопсуздугун толук кандуу камсыздоодо.

Мындан сырткары, кайгуул кызматкерлери мектеп окуучуларына өзүн-өзү коопсуз алып жүрүү жана жолдо жүрүүдө жөө жүргүнчүлөргө тийиштүү эрежелерди сактоо багытында ачык сабактарды байма-бай өткөрүп келет.

Пикир

Оставить комментарий