• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкектеги митинг. Милиция штаттык режимде иштеп жатат

Коом 0

Бишкек, 02.03.20. /Кабар/. Бишкектеги Ала-Тоо аянтында эркинен ажыратылган мурдагы депутат Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин митинги өтүп жатат.

Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, милиция штаттык режимде иштеп жатат.

Эске сала кетсек, Садыр Жапаров Жогорку соттун чечими менен 10 жылга эркинен ажыратылган. Ал "Барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган. Бул жерде кеп 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында өткөн митинг тууралуу болууда. Анда акциянын катышуучулары өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ошол кездеги ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтага алышкан.

Пикир

Оставить комментарий