• 84.36
  • 92.94
  • 0.92

Кармаш-уруш боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын курамасы 19 медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 12.08.24. /Кабар/. Россиянын Орел шаарында өткөн кармаш-уруш боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын курама командасы 4 алтын, 5 күмүш, 10 коло медаль жеңди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кармаш-уруш боюнча эл аралык федерациясынын вице-президенти Туратбек Жолдошев билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 3-августунан 7-августуна чейин өткөн аталган спорттук иш-чарага 26 өлкөдөн 380 спортчу катышт. Ал эми Кыргызстандын намысын 26 спортчу коргоду.

“Жалпы командалык эсепте Кыргызстандын курамасы 2-орунду ээледи. Төрт спортчу дүйнө чемпиону аталды. 2025-жылы Кармаш-уруш боюнча дүйнөл чемпионатын Кыргызстанда өткөрүү пландалууда”, - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, кармаш күрөш боюнча спорт чебери Мээримай Нурадилова аялдар арасында дүйнө чемпиону болду. Кыргызстандын жиу-житсу боюнча чемпиону Назарбек уулу Бекарстан да өз салмак категориясында эркектер арасында дүйнө чемпиону аталды. 14 жаштагы Саян Токтосунов 57 килограммга чейинки салмак категориясында кенже курам арасында дүйнө чемпиону наамын жеңип алды. Ал эми 59 жаштагы Туратбек Жолдошев ардагерлер арасында биринчи орунду ээлеген.

Пикир

Оставить комментарий