• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстандын курама командасынын экс-футболчусу жардамга муктаж

Спорт 0

Бишкек, 11.04.20. /Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстандын курамасынын экс-оюнчусу Рустам Закировдун абалы оор деп бааланууда. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Закировго операция жасалган.

"Абдыш-Ата жана Алга командаларынын оюнчусу операциядан кийин оор абалда жатат. Футболчуга IV топтогу оң (положительный) резус же башка топтогу кан керек", - деп айтылат маалыматта.

Канды Чыңгыз Айтматов көчөсү 37 дарегиндеги Республикалык кан борборунан тапшырса болот. Маалымкатка Закиров Рустамжан Нематжановичге экенин жазуу керек.

Пикир

Оставить комментарий