• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Кармашып урушуу боюнча Ички иштер министринин кубогунун жеңүүчүлөрү сыйланды

Спорт 0

Бишкек, 15.10.24. /Кабар/. Күн мурун Бишкекте Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата уюштурулган кармашып урушуу боюнча Ички иштер министринин кубогунун финалдык беттешүүлөрү өттү.

ИИМден билдиришкендей, мелдешке катышкан күч түзүмдөрүнүн 16 командасынын ичинен иргелип отуруп, бүгүнкү мелдеште эң мыкты спортчулар күч сынашты.

Спортчулар курч таймаш көрсөтүшүп, биринчилик үчүн болгон күч аракеттерин жумшашты. Мелдештин жыйынтыгы боюнча командалар арасында ИИМдин Шумкар атайын багыттагы полкунун командасы биринчиликти багындырып, Ички иштер министринин кубогуна татыктуу болду. Экинчи орунга Шопоков спорт клубунун командасы, ал эми үчүнчү орунга ИИМдин Ички аскерлеринин Бишкек шаарында жайгашкан “Шер” отрядынын командасы ээ болду. Жеңүүчүлөр кубок, медаль, диплом жана грамоталар менен сыйланышты.

Мелдештин аягында Ички аскерлердин экс кол башчысы камдыктагы Абылмажин Шадыбеков, ИИМдин атайын багыттагы полкунун командири Майрамбек Имангазиев, кармашып урушуу боюнча улуттук федерациясынын вице-президенти Бахтияржон Масадыковдор куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Пикир

Оставить комментарий