• 87.55
  • 95.26
  • 0.98

Карыз тууралуу маалымкатты эми жеке салык кабинети аркылуу онлайн алууга болот

Экономика 0

Бишкек, 24.10.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздар тууралуу маалымкаттарды онлайн алуу үчүн сервисти ишке киргизди, деп билдирет МСКнын басма сөз кызматы.

Эми керектүү маалымкатты салык органына барбай эле алууга болот. Cabinet.salyk.kg сайтындагы жеке кабинетке кирүү жетиштүү.

Бул сервис көрсөтүлүп жаткан салык кызматтарынын сапатын жакшыртуу, электрондук сервистерди кеңейтүү, ошондой эле салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуулук жаратуу жана убакытты олуттуу үнөмдөө максатында киргизилген.

Жеке кабинет аркылуу маалымкаттардын төмөнкү түрлөрүн алууга болот:

– кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк салыгы боюнча карыздын жоктугу же бар экендиги жөнүндө маалымкат;

– салык, камсыздандыруу төгүмдөрү жана салыктык эмес төлөмдөр боюнча карыздардын жоктугу же бар экендиги жөнүндө маалымкат.

Cabinet.salyk.kg жеке кабинетинен маалымкат алууга арыз берүү үчүн "МСК менен кат алышуу” бөлүмүн тандап, “Маалымкаттар” рубрикасына өтүү керек.

Белгилей кетсек, карыз жөнүндө маалымкат салык органы суроо-талапты алгандан кийин эки жумушчу күндүн ичинде иштелип чыгып, берилет.

Маалымкат түздөн-түз салык төлөөчүнүн жеке кабинетине жөнөтүлөт жана кагаз жүзүндөгү документтей эле юридикалык күчкө ээ болот.

Пикир

Оставить комментарий