• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Кашкардагы XVI соода жарманкесинде Кыргызстандын улуттук павильону ачылды

Коом 0

Бишкек, 23.08.24. /Кабар/. Кашкар шаарында Борбордук жана Түштүк Азиянын XIV соода жарманкесинде Кыргызстандын улуттук павильону ачылды.

Павильон заманбап соода оруну болгондуктан, анда кол өнөрчүлүк буюмдарынан тартып тамак-аш азыктарына чейин коюлган.

Ал бир гана соода аянтчасы катары гана кызмат кылбастан, Кыргызстан тууралуу көрүүчүлөргө кенен маалымат бере турган маданият борборунун милдетин аткарат.

Павильондо улуттук кийим-кечелерден баштап ата мекендик компаниялардын азык-түлүктөрү тартууланды.

“Павильондун ачылышы кыргыз ишкерлерине Кашкар шаарында жаңы өнөктөштөрдү табууга жана ишкердигин кеңейтүүгө мүмкүнчүлүктөрдү ачканга жардам берет”, - деди ишкер Сулумбек Баатыржанов.

Белгилей кетсек, атамекендик ишкерлер Кашкарга Соода-өнөр жай палатасынын колдоосу аркасында барышты.

Жарманке Борбордук жана Түштүк Азияда экспортко багытталган экономикалык стратегиялык платформаны түзүү, экономикалык жана соода байланыштарын тынымсыз кеңейтүү жана тереңдетүү, Кашкардын жана бүткүл Синьцзян аймагынын ачыктыгынын деңгээлин ар тараптуу жогорулатуу максатын көздөйт.

Пикир

Оставить комментарий