ӨКМ: 740 чакырым автоунаа жолу дезинфекцияланды

Коом 0


Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. 2020-жылдын 7-апрелине карата Кыргызстан боюнча 740 00 метр автоунаа жолу дезинфекцияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигини басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 12077 орундук даярдалган.

- обсервацияда жайгаштырылган жарандарга 3 маал ысык тамак-аш берилип жатат;

- өлкө боюнча санитардык-карантиндик жана блокпостторго ӨКМ тарабынан 120 даана чатыр жана 56 мобилдик турак-үй орноштурулган;

- аймактарда иш алып барып жаткан ӨКМдин кызматкерлерине керектүү жабдыктар, коргоочу костюмдар, күйүүчү-майлоочу майлар, гигиеналык антисептик каражаттары жеткирилди;

- 112 ыкчам номуруна өткөн сутка ичинде жалпы 8390 чалуу катталып, анын ичинен 679 коронавирус боюнча чалуу түшкөн;

- өлкөдө уюштурулган постторго, дезинфекциялоо жумуштарын аткаруу жана обсервацияда жайгашкан жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө (орундук, тамак-аш жеткирүү) ӨКМ тарабынан 439 куткаруучу жана 115 унаа тартылган.

Пикир

Оставить комментарий