• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Салык кызматы кустардык түрдө өндүрүлгөн алкоголь продукциясынын ири партиясын аныктады

Коом 0

Бишкек, 13.02.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы Бишкек шаарында, Чүй жана Ош облустарында рейддик салыктык контролдун жүрүшүндө алкоголдук продукцияны мыйзамсыз сатуу фактыларын аныктады.

МСКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мыйзамсыз жүгүртүүдөн ар кандай аталыш жана идиштеги 7 миң 347 бөтөлкө алкоголь тартып алынды.

Тактап айтканда, уруксат берүүчү документтерсиз алкоголдук продукцияны сактап жана сатып жаткан 9 дүкөн аныкталды. 4847 бөтөлкө тартып алынды.

Ошондой эле Бишкекте күмөндүү акциздик маркалар менен кустардык түрдө өндүрүлгөн алкоголду мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталган. Субъектте сатылуучу продукцияга лицензия жана коштомо документтер (шайкештик сертификаты, эсеп-фактура, товардык-транспорттук коштомо кагаз) жок болгон. 2500 бөтөлкө арак тартып алынды.

Ишкердик субъекттерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий