• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жогорку сот бардык саясий күчтөрдү жана жарандарды мыйзамды сактоого чакырат

Коом 0

Бишкек, 07.10.20 /Кабар/. Кыргызстандын Жогорку соту бардык саясий күчтөрдү жана жарандарды мыйзамды сактоого чакырат.

Жогорку соттун басма сөз кызматы белгилегендей, учурда биздин коом жана ар бир жаран башынан оор сыноолорду өткөрүп жатат.

"Биз баарыбыз эски каталарды кайталабаш үчүн өткөндүн сабактарын эске алышыбыз керек. Ал нерсе биздин күнүмдүк жашообузда Мыйзамдын үстөмдүгүнүн милдеттүү жана айныгыс шарты болушу керек. Антпесе мыйзамдуулуктун жана адилеттүүлүктүн кепилдиги болбойт", - деп айтылат маалыматта.

Ар бир жарандын иш-аракети Мыйзамга негизделген болушу зарыл. Ар бир жагдайда жана ар бир учурда жоопкерчилик сезими болуш керек.

Жогорку сот бардык саясий күчтөрдү жана жарандарды Мыйзамды сактоого чакырат.

"Бийлик бутагынын бири катары сот бийлиги - көз карандысыз. Эч кандай кийлигишүүлөргө жол берилбеши керек. Соттордун төрагаларын сот корпусу шайлайт. Ал маселелерди чечүү соттордун айрыкча укугу (прерогатива). Адамдардын укугун жана эркиндиктерин коргоону күчтүү, көз карандысыз сот системасы жок элестетүү мүмкүн эмес. Соттордун ишине сырттан кийлигишүү соттордун көз карандысыздык принцибин бузуп, соттун нормалдуу иштешине тоскоолдук жаратат. Андай иштер кылмыштуу деп табылат. Мыйзам кандайдыр бир түрдө соттордун ишине кийлигишүүгө жол бербейт", - деп билдирет Жогорку сот.

Пикир

Оставить комментарий