• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Касымалиев башында турган бийлик өкүлдөрү Жумгал элинин көйгөйүн укту

Аймак 0

Бишкек, 12.09.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, ички иштер министри Улан Ниязбеков, башкы прокурор Курманкул Зулушев Нарын облусунун Жумгал районунун жергиликтүү тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жумгал районунун элинин кайрылууларынын басымдуу бөлүгү жайыт талашуу, жолдорду оңдоо, көп балалуу үй-бүлөлөргө жөлөк пулду берүүдөгү маселелер, айыл өкмөттөгү коррупция иштерин текшерип берүү, таза суу, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү боюнча болду.

Жергиликтүү тургундардын милиция кызматкерлери үчүн имарат салып берүү, алардын жашагандарына үй куруу, айлык акыларын көтөрүү боюнча сунуштарына Улан Ниязбеков жооп берип, кызматтык имарат салынып жатканын маалымдады.

Жолугушуу учурунда дагы бир жаран бүгүнкү күндө жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлердин санынын жетишсиздигин, алардын айдап жүргөн кызматтык унаалары начар абалда экендигин айтып, бул маселени чечип берүүнү суранган. Жарандын суроосуна Улан Ниязбеков жооп берип, штаттык бирдик менен кызматтык унаа боюнча маселе жакын арада чечип бере турганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий